• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финпол "Не сахар" менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын кампасын аныктады

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭККМК, Финпол) "Не сахар" долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын кампасын аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 12-январда Финансы полициясынын кызматкерлери "Не сахар" долбоору менен биргеликте дагы бир кампаны табышты. Анда 2018-жылга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар (ар кандай таттуулар) сакталып турган.

"Ушул эле кампадан таңгактардагы чыгарылган күндү өзгөртүш үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган жана алынган. Мөөнөтү өткөн азыктарга мөөр басылган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүн Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев өзү көзөмөлгө алды. Аны менен катар Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды көрүүнү улантууда.

"Урматтуу бизнес өкүлдөрү! Эгерде сиз сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен жана талаптагыдай сапатына жооп бербей жатканы белгилүү болуп калса, анда биз сизден пайда көрбөөгө жана калктын ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз", - деп айтылат Финполдун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий