• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финпол: Сарпашев 500 га ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берет

Коом 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берет. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирет.

Маалыматка ылайык, Финпол КРнын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө Т. Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди.

Кийинки жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет.

Учурда Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий