• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финпол соттолгон жана издөөдө жүргөн жаранга паспортту мыйзамсыз берүү фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча финансы полициясы тарабынан паспорт берүү учурунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылаык, 2018-жылы Өзбекстан Республикасынын жараны Хомидов Нематжон Сомиевичке Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого тургузуу менен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту берилгендиги аныкталды. Бирок тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, паспорт алган учурда аталган чет өлкөлүк жаран чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду.

Мындан тышкары, бул жаран Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстан Республикасында Өзбекстан Республикасынын Жазык-кодексинин 159-беренесинин 3-бөлүгүнүн А пункту (Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу) боюнча соттолгон, жаза өтөө чарасы - камакка алуу болуп саналат.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык-кодексинин 330-беренесинде ("паспортту мыйзамсыз берүү") каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

Финполдон учурда иш тергелип жаткандыгын жана ушул сыяктуу паспортторду мыйзамсыз берген фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий