• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финпол: Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясы “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда жумуштун көлөмүнүн наркын жогорулатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 млн сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Берилген маалыматтарга ылайык, бул объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 млн сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 млн сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.

Ошондой эле аткарылган жумуштардын актысынын жалпы наркы КНС менен кошо көрсөтүлөт, ал эми “Н.С” ЖЧКсы жумуш тапшырылган учурда КНС төлөөчү болгон эмес жана аткарылган жумуш үчүн салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес.

Ошентип, аталган ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 3 млн сомго жакын суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий