• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Финполдон Бишкектеги ЖЭБден чыккан түтүн боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү жөнүндө айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Бишкектеги ЖЭБден чыккан түтүн боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Финполдун тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рысбаев журналисттерге билдиргендей, буга чейин Бишкектеги ЖЭБден зыяндуу заттардын чыгуусу боюнча 233-берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көмүрдүн калориясы жана экологияга таасири боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатат.

"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча тергөө иштери улантылат. Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө көмүр ким тарабынан ташылып келет, чыгымдары каралат. Эгер тендер боюнча кандайдыр бир мыйзам бузуулары аныкталса, анда ал өзүнчө иш катары каралат", - деди ал.

"Биз Бишкектеги түтүнгө ким күнөөлүү деген суроого чекит койгубуз келет", - деп кошумчалады Рысбаев.

Бишкектеги ЖЭБинин директору Андрей Воропаев көмүрдүн сапаты атайын лабораторияда текшерилерин белгиледи. Бирок ЖЭБ радиациянын бар-жогун текшербейт. Воропаев бул лицензияда көрсөтүлгөнүн айтат. Ал эми чет өлкөдөн келген көмүр чек арада текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий