• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Финполдун кызматкерлери кычкылтек концентраторлорун менчиктеп алганы аныкталды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу фактысы боюнча бюджетке келтирилген зыяндын бир бөлүгү төлөнүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында "Чалдыбар" өткөрмө бекетинде чек арачылар өлкөдөн 75 кычкылтек концентраторун жана акциздик маркалары жок тамекини мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгуу аракетин токтотушкан.

Кармалган жүк Финансы полициясына берилген. Бирок Финполдун кызматкерлери тергөө учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ордун толтурууга келтирилген чыгымдын көлөмүн төмөндөткөн жана 27 кычкылтек концентраторун менчиктеп алышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча катталып, мамлекетке 9 миллион сомдон ашык зыян келтирилген аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бюджетке келтирилген зыяндын 7 млн сомдон ашык каражат төлөндү.

Учурда Финполдун кызматкерлери тарабынан калган зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий