• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финпол: Бакуда кармалган Жунусовду Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Баку шаарында кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Финансы полициясы азыркы учурда Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Буга чейин Report маалымат агенттиги Жунусов Баку шаарындагы аэропортто кармалгандыгы тууралуу жазып чыккан.

Эскерте кетсек, Жунусов 2018-жылдын августунда издөөгө жарыяланган. Ал "Кызматтык абалына кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий