• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финполиция коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 16 млн. сом которду

Экономика 0

Бишкек. 11.03.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК) коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке дагы 16 млн. 174 миң 396 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Финпол тарабынан бардыгы болуп бирдиктүү эсепке 483 млн. 924 миң 190 сом которулган.

"Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган. Документке ылайык, эсеп казналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылган.

Пикир

Оставить комментарий