• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финполиция коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 18 млн. сомдон ашуун каражат которду

Экономика 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке дагы 18 миллион 948 миң 496 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

«Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтом Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган процедураларды эске алуу менен кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий