• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финполиция коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 7,5 млн. сом которду

Экономика 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 7 миллион 572 миң 41сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке бардыгы болуп 763 миллион 324 миң 948 сом которулган.

Пикир

Оставить комментарий