• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Финполиция коррупция менен күрөш эсебине 11,9 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 11 миллион 929 миң 681 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Финпол тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 807 миллион 418 миң 287 сом которулду.

Пикир

Оставить комментарий