• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финполиция коррупция менен күрөш эсебине дээрлик 40 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 39 миллион 735 миң 700 сом которду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ЭККМК тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 795 миллион 488 миң 606 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий