• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финполиция кызматкерлерине курал берүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчү орган тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты.

Мыйзам долбоор тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров түшүндүрмө берген.

Белгилей кетчү нерсе, бул мыйзам долбоору соттук-укуктук реформалоодо өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жана 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кабыл алынган КРнын Кодекстери жана Мыйзамдарына дал келтирүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери башка укук-коргоо органдары сыяктуу эле ок атуучу курал колдонуу нормасы менен толукталууда.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий