• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финполиция: Товардын сапаты боюнча документтерди жасалмалаган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жасалма төлөм документтерин жасаган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кылмыш топ Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы өсүмдүктөр карантини Департаментинин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, фитосанитардык сертификаттарды жана башка документтерди жасалмалоо менен алектенген.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген мамлекеттерден айыл чарба азыктары ташылып келип, аларга жасалма документтер жасалып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар катары тийиштүү салыктар төлөнбөй экспорттолуп келген.

14-июнь күнү аталган кылмыш тобуна кирген М.Ш., Ч.Ш., М.Д. жана Х.П. аттуу жарандар кармалган. 16-июнь күнү алар №1 Тергөө абагына киргизилген.

Аталган топ бир күндө 15-20 жасалма документ топтомун берип келген. Болжол менен мындай бир топтом документтин баасы 5 миң сомду түзгөн.

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий