• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финполдун башчысы Жапыкеев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Сыймык Жапыкеев КР бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Жапыкеев саламдашып, ал Бизнес-акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө келгендери үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Финансы полициясынын артыкчылыктуу багыты мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, ак ниет ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн сактоо, бизнести жүргүзүү жана өлкөгө инвестициялардын келүү агымы үчүн эң жакшы шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

Ак ниет (таза) ишкерлер мамлекеттик органдардын бизнестин мыйзамдуу ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү маселелеринде Финансы полициясынын негизги шериктештери болуп саналат. Алар булганыч атаандаштыкты, салык төлөөдөн качкандарды, мамлекеттик кызматчылардын таза эместигин жана албетте, ири коррупциялык схемаларды көрсөткөн маалымат берүүчүлөрдүн ролун аткарышат.

Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мырза бул жолугушууну уюштургандыгы үчүн Финполдун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, Финансы полициясы ишкердик субъекттердин жакын өнөктөшү, текшерүүчүлөрдүн ээн баштыгына каршы коргоочу болушу керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнестин жана ишкерлердин кызыкчылыктарын талкуулашты жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мындан ары тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий