• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Некролог - КР илимине эмгек сиңирген ишмер Аманбек Жайнаков дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-мартында 81 жашында оор сыркоодон кийин физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер», «Эл мугалими» Жайнаков Аманбек Жайнакович дүйнө салды.

Жайнаков Аманбек Жайнакович 1941-жылдын 7-октябрында Кыргыз ССРинин Талас районундагы Кырк-Казык айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математикалык факультетин 1963-жылы артыкчылык менен, 1969-жылы аспирантураны бүтүргөн. 1963-1970 — жылдары ал окутуучу, аспирант, ага окутуучу, доцент, КНУнун теориялык физика кафедрасынын башчысы кызматтарын аркалаган. 1970-жылы Аманбек Жайнакович кандидаттык, 1984-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

Аманбек Жайнакович жылуулук жана жогорку температуралык процесстердин масса алмашууларынын теориясын сандык моделдөөнүн жана сандык тажрыйба жүргүзүүнүн негизинде өркүндөтүү үчүн электр жааларынын мүнөздөмөлөрүн эсептөөүчүн теориялык моделдерин түзүү жаатында Кыргызстанда эле эмес, чет мамлекеттерге да белгилүү адис жана илимий мектептин жетекчиси катары белгилүү. А.Ж.Жайнаковдун теориялык моделдеринин жыйынтыктары плазматрондун жаңы конструкцияларын иштеп чыгууда жана алардын иштешинин оптималдуу режимин аныктоодо кеңири пайдаланылат.

Ж.А.Жайнаков Кыргызстандын физика коомунун президенти, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын редколлегиясынын мүчөсү, илим жана техника жаатындагы, мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин мүчөсү, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин Президиумунун мүчөсү болуу менен илимий уюштуруучулук багытында өтө чоң иштерди жасалган.

Жайнаков 400 гө жакын илимий эмгектерди, анын ичинен 12 монографияны жана 14 окуу китебин жана колдонмолорун жарыкка чыгарган, илимдин 6 докторун жана 16 кандидатын даярдаган. III даражадагы «Манас» ордени, «Эмгектеги кайраттуулук» жана «Манас-1000» медалдары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы ж. б. чет мамлекеттердин сыйлыктары менен сыйланган.

Эл аралык кызматташууга жана илимий байланыштарды өркүндөтүүдөгү бараандуу салымы, илимдин жана билимдин көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзгөн жигердүү иштери үчүн дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкөлөрдүн математикалык коомунун вице-президенти, Казакстан Республикасынын Улуттук инженердик академиясынын ардактуу академиги, маалыматташтыруунун Эл аралык академиясынын академиги, Бүткүл дүйнөлүк инновациялык фонддун мүчөсү, табигый илимдердин Россиялык Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланган.

Аманбек Жайнаковичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланышуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С.Н. Жапаров, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, Д.А. Ашимова, А.К. Эргешов, А. Б. Бейшеналиев, М.С. Джуматаев, К.Ж. Садыков, М.М. Мамытов, Б.М. Мурзубраимов, И.Т. Айтматов, Ш.Ж. Жоробекова, М.А. Бектеналиев, Б.Н. Нарбеков, Н.Ж. Нармарзыев жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий