• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Флешмоб: #АлгаАкШумкарлар

Спорт 0

Бишкек, 18.01.19./Кабар/. КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кыргызстандыктарды #АлгаАкШумкарлар флешмобуна катышууга чакырат.

Флешмоб эртең, 19-январда Кыргызстандын футбол боюнча курамасын колдоо максатында өткөрүлөт. Буга байланыштуу аталган агенттик социалдык тармактарда #БолеемЗаНаших, #АлгаАкШумкарлар хэштеги алдында ар ким өзүнүн команданы колдогон сүрөөнүн, ырын жайгаштырууга чакырат.

Анда күйөрман өзү команданы колдоп сүрөгөн сүрөтү же видеосу, ошондой эле биздин футболчулардын сүрөт жана видеосу камтылса болот.

Флешмобго каалоочулардын баары катыша алат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан 21-январда саат 23:00дө Бириккен Араб Эмираттары менен оюн өткөрөт. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий