• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Флойд Мейвезер Японияда ММА эрежеси боюнча алгачкы беттешин өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону Флойд Мейвезер 31-декабрда аралаш мушташ (ММА) боюнча өзүнүн алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Rizin уюмунун расмий маалымат жыйынында маалым болду, - деп жазат sport24.ru.

Беттеш Токио шаарында Rizin уюмунун алкагында өтөт. 41 жаштагы Мейвезердин атаандашы 20 жаштагы япониялык кикбоксер Тенсин Нацукава болот.

Мушкер Мейвезер өзүнүн профессионалдык тажрыйбасында рингде 50 мушташка катышып, бардыгынан биринчиликти ээлеп келген.

Ал эми Нацукава ММАда 4 жолу беттешке чыгып, бардыгында жеңишке жеткен.

Эскерте кетсек, буга чейин жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Мейвезерди беттешке чакырган.

UFC башчысы Дана Уайт кабарлагандай Мейвезер менен Нурмагомедовдун ортосундагы беттеш бир гана ММА эрежеси боюнча гана болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий