• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Флорида мектебинде ок атылып, 17 киши набыт болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. Флориданын Паркланд шаарындагы мектептердин бири аткыланды. Жергиликтүү шериф кеминде 17 киши набыт болгонун билдирди.

Бир катар жергиликтүү ММКлар жаракат алгандардын саны 50гө жеткенин маалымдашууда. Мектеп имаратына көптөгөн полиция жана тез жардам унаалары келди. Кол салган киши кармалды. Ал мурда ушул мектептен жүрүм-турумуна байланыштуу чыгарылган 19 жаштагы Николас Круз болуп чыкты. 12 киши окуу имаратынын ичинде, үчөө мектептин короосунда, экөө ооруканада мерт болду.

14-февралда Мэриленддеги АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин башкы кеңсесинде ок атылган. Үч киши жабыркаган, кол салууга шектелип бир киши кармалган. Федералдык бюро окуянын терроризмге тиешеси жок экенин айтууда. Кол салуучулар эмне үчүн мындай кадамга барышканы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий