• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фонд биржасына дыйкандар үчүн товар-сырьёлук секция киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 12.07.18. / Кабар/. 2018-жылдын Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланышынын алкагында Фонд биржасына товар-сырьёлук бөлүк киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров билдирди.

М.Абиров бул жаңылык дыйкандарга өздөрүнүн облигацияларын жана акцияларын жаратууга мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Анын айтымында, өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасына ылайык, Фонд биржасына жаңы финансылык каражаттар киргизилип жатат.

Ошондой эле ал баалуу кагаздардын базары инвестицияларды тартуунун эң маанилүү институттарынын бири болуп саналарын билдирди.

“2018-жылдын 1-январына карата баалуу кагаздардын эмиссиялары 110 миллиард сомго өстү, анын 107си акциялар. Баалуу кагаздар тармагындагы ишмердүүлүктү 64 юридикалык жак алып барат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий