• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Дүйнөдө фондулук рыноктордун иштеши мамлекеттик жана жеке компаниялар үчүн инвестициялык каражаттарды тартуунун натыйжалуу механизмин камсыз кылат. Фондулук рынок компаниялардын ишин андан ары өнүктүрүү үчүн финансылык капиталдын ишенимдүү булагы жана инвестициялык салымдар үчүн инструмент болуп калды. Дүйнөлүк фондулук рынокту өнүктүрүү онлайн-соода, инвестициялык маркетплейстер сыяктуу санариптик технологияларды киргизүү менен кеңири коштолот, бул анын катышуучуларынын иши үчүн ишенимди, оперативдүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда фондулук рынок азырынча жетишсиз өнүккөн бойдон калууда жана анда инвесторлор үчүн жагымдуу мамлекеттик жана жеке финансылык инструменттер жок.

Фондулук рынокту жана анын санариптик инфратүзүмүн өнүктүрүүгө түрткү берүү зарыл. Бул калкты финансылык инструменттердин кеңири спектри менен камсыз кылуу жана калк, өлкөнүн институттук инвесторлору, квалификациялуу чет өлкөлүк инвесторлор үчүн алардын жагымдуулугун жогорулатуу муктаждыгы менен шартталган, бул инвестициялык рынокту чыңдоонун жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн туруктуу негизи болот.

Капиталдын эркин кыймылы жана калктын, институттук жана чет өлкөлүк инвесторлордун ата мекендик финансылык инструменттерге кеңири жеткиликтүүлүгү рынокто инвестициялык активдүүлүктү жогорулатуунун негизги факторлору болуп калууда.

Жарандар үчүн финансылык инструменттердин жеткиликтүүлүгү кошумча киреше булактарын жана калктын аманаттары үчүн негизди түзөт. Ички аманаттарды жана инвестицияларды мобилизациялоо экономиканын реалдуу секторуна салымдар үчүн капиталдын ишенимдүү булагын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошол эле убакта чарба жүргүзүүчү субъекттердин фондулук рынокко чыгышы каржылоо булактарын диверсификациялоого жана «узак» инвестициялык ресурстарды тартууга, эмитенттин аброюн жогорулатууга, компаниянын учурдагы рыноктук наркын баалоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүнү жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандардын жана ишкерлердин финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, экономикага инвестициялардын агымы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66,
71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Фондулук рыноктун институттук инфратүзүмүн чыңдоо, санариптик технологияларды киргизүү, финансылык инструменттердин спектрин кеңейтүү, инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, эл аралык финансы рыногуна интеграциялоо жана өлкөнүн калкынын аманаттарынын деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналсын.
  2. «Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому (мындан ары – ЖАК) жана «Борбордук депозитарий» ЖАК эл аралык финансы рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн баалуу металлдар секторун, товардык-чийки зат секторун жана мамлекеттик баалуу кагаздар секторун ишке киргизүү боюнча коомдук-маанилүү экономикалык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттин катышуусу менен ишке ашырган системаны түзүүчү улуттук институттар болуп саналат деп белгиленсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын
    4-майындагы № 190 токтому менен бекитилген 2021-2025-жылдарда Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногун өнүктүрүү стратегиясын белгиленген артыкчылыктуу багыттарды жана мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен фондулук рынокту өнүктүрүү бөлүгүндө актуалдаштырсын;
  • «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАК жана «Борбордук депозитарий» ЖАК капиталына мамлекеттин кирүү процессин аяктасын;
  • «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда заманбап жана эл аралык стандарттарга багытталган Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийинин иштеши, ошондой эле анын ишин көзөмөлдөө жана контролдоо тартибине талаптар бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын;
  • чарбалык субъекттердин фондулук рынокко чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзсүн;
  • аманаттардын деңгээлин жогорулатуу максатында өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө калктын инвестициялоо процессине дем берүүгө багытталган жеке инвестициялык эсептердин долбоорун иштеп чыксын;
  • региондордон инвесторлордун финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун тармагы аркылуу брокердик кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын.
  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө багытталган маселелерди иштеп чыксын:
  • мамлекеттик баалуу кагаздарды соодалоону «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын аянтчасына которууга жана тооруктун катышуучуларынын жана инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүүгө;
  • «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын аянтчасында акцияларды баштапкы жайгаштырууну (IPO) жана калк, институттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан фондулук биржа аркылуу мамлекеттик үлүш катышкан улуттук компаниялардын акцияларын (эң аз дегенде акцияларынын беш пайызын) сатып алууну жүргүзүүгө;
  • улуттук долбоорлорду жана өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо үчүн фондулук рынокто финансылык инструменттерди чыгарууга жана жайгаштырууга;
  • фондулук рынокто сатылуучу финансылык инструменттердин спектрин кеңейтүүгө;
  • климатты жана биотүрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттин тышкы карызын алмашууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, экология, «жашыл» экономика же социалдык чөйрөдөгү өнүктүрүү программалары чөйрөсүндө баалуу кагаздарды чыгарууга;
  • келечектүү стартап-долбоорлордун фондулук рынокко жөнөкөйлөштүрүлгөн чыгуусу үчүн шарттарды түзүүгө;
  • жүгүртүлүүчү финансылык инструменттердин спектрин жана корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздарды, товарларды жана чийки заттарды, баалуу металлдарды камтууну кеңейтүүнүн эсебинен «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын соода аянтчасын универсалдаштырууга;
  • «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын жана «Борбордук депозитарий» ЖАКтын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого эл аралык консультанттарды жана техникалык жардамды тартууга көмөк көрсөтүүгө;
  • корпоративдик баалуу кагаздардын жана акциялардын жагымдуулугун жогорулатуу жана өтүмдүүлүгүн кармап туруу үчүн мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордо корпоративдик башкарууну өркүндөтүүгө;
  • финансылык инструменттер менен, анын ичинде инвестициялык маркетплейстерде онлайн-соода жүргүзүүгө багытталган санариптик технологияларды киргизүүгө;
  • өлкөнүн фондулук рыногун капиталдардын эл аралык рыноктору менен интеграциялоого.
  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, анын ичинде аманаттарга дем берүү жана улуттук финансылык инструменттердин жагымдуулугун жогорулатуу боюнча ишти туруктуу түрдө жүргүзсүн.
  2. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондуна, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жана башка өнүктүрүү институттарына фондулук рынокто институттук инвесторлор катары активдүү катышуу сунушталсын.

Пикир

Оставить комментарий