• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Food Expo Qazaqstan көргөзмөсүндө КРнын чычырканак ширеси мыкты деп табылды

Коом 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Казакстандагы Food Expo Qazaqstan – 2019 аталышындагы Борбор Азия эл аралык тамак-аш өнөр жай көргөзмөсүндө КРнын чычырканак ширеси мыкты деп табылды. Бул тууралуу Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Кыргызстандын атынан Ысык-Көлдө өндүрүлгөн кыям, бал жана ширелер коюлган.

Food Expo көргөзмөсүнүн алкагында конкурс уюштурулуп, анда кыргызстандык чычырканак ширеси алтын медаль утуп алды.

Иш-чара 6-8-ноябрда Алматы шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Индия, Кытай, Түштүк Корея, Германиядан келген 300 компания катышты.

Пикир

Оставить комментарий