• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Forbes журналы планетадагы эң бай эки адамдын ысымын атады. Алар кимдер?

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Forbes журналынын рейтинги боюнча планетанын эң бай адамдары болуп эркектер арасында Amazon компаниясынын директору Джефф Безос жана айымдар арасында L'Oreal француз косметика компаниясынын мураскери Франсуаза Бетанкур Майерс аталган. Бул тууралуу басылманын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Джефф Безос бул рейтингде биринчи орунду экинчи ирет ээлеп жатат. Анын кирешеси 2018-жылы 112 млрд. долларды түзгөн.

Ал эми Франсуаза Бетанкур Майерстин кирешеси $49,3 млрд. түзгөн.

Акыркы 20 жылдын ичинде “эң бай адам” наамына төрт гана адам татыган. Алар: Berkshire Hathaway Inc. инвестициялык холдингдин түзүүчүсү Уоррен Баффет, мексикалык бизнесмен Карлос Слим бул рейтингди 2010-жылдан 2013-жылга чейин ээлеген жана Microsoft компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтс 2001-жылдан 2017-жылга чейин 12 жолу эң бай адам аталган.

Пикир

Оставить комментарий