• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Forbes.uz Саида Мирзиёеваны Өзбекстандагы белгилүү блогерлердин катарына кошту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Forbes.uz Өзбекстандагы эң популярдуу 15 блогердин тизмесин жарыялады.

Тизмеге Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева да кирди.

Басылма тизмени түзүүдө Телеграм каналдардын рейтингин аныктаган uz.tgstat.com порталындагы маалыматтарды колдонгонун билдирди.

Forbes.uz рейтинги боюнча Саида Мирзиёева эң белгилүү өзбек блогерлеринин бири. Учурда Улуттук масс-медианы колдоо жана өнүктүрүү фондун башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий