• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ford Focus унаасы толугу менен күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №133 турак үйдүн 10 чарчы метр чатырынын пластик жасалгасы күйгөн.

Нарын облусунун Кочкор шаарынын С.Орозбак көчөсүндө Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Ошондой эле Ош облусунун Ош-Кара-Суу унаа жолунун 7-чакырымында BMW үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий