• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фото — Коронавирусту жайылтпоо жана социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны

Президент 0


Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө маселе каралды.

Учурдагы кырдаал боюнча биринчи вице-премьер-министр, Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты.

Кубатбек Боронов менен Сабиржан Абдикаримов 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуунун максаттуулугун белгилешти.

Мамлекет башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, көрсөтүлгөн шаарларда жана райондордо өзгөчө абал режими узартыларын баса белгиледи. Өзгөчө абал алынып салынган калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими сакталат.

Мындан тышкары, биринчи-вице-премьер-министр өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди. Ошону менен бирге айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат, бирок экономикалык ишмердүүлүктү жандандырууга байланыштуу блок-посттордун саны кыскарат.

Президент иши кайрадан жандандырылган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата массалык иш-чараларды өткөрүү мүмкүн болбой турганын билдирди.

Ошону менен бирге акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон «Өлбөс полк» акциясын онлайн форматта өткөрүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына өткөн жылдардагыдай эле, өзгөчө көңүл бөлүнөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий