• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фоторепортаж — 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу

Президент 0

Бишкек, 08.07.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналаарын баса белгиледи.

Бул жылы алтын сертификаттарга 52 бүтүрүүчү жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган аймактардын 14 бүтүрүүчүсү ээ болушту.

Мамлекет башчысы сертификаттардан сырткары бүтүрүүчүлөргө символикалуу белектерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий