• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Фоторепортаж – Пекиндеги «Бир алкак – бир жол» форумунун экинчи күнү

Президент 0

Бишкек, 27.04.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, өзүнүн КЭРге болгон иш сапарынын экинчи күнүндө делегация башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтык боюнча Экинчи форумунун сессияларына катышууда.

Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өттү.

Сооронбай Жээнбеков Форумдун 1-сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары, делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болду.

Эске салсак, Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары катышууда, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келишкен.

Пикир

Оставить комментарий