• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж — Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына карата онлайн концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. СССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына карата “Залкарга таазим” аталышындагы онлайн концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, кечээ, 23 – апрелде Болот Миңжылкыевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Бул күнгө карата Кыргыз Республкасынын А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери тарабынан атайын онлайн концерт даярдалган.

Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында кыргыздын тунгуч геологдорунун бири Абдулла Миңжылкыевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын балалыгы Фрунзе шаарында жана Ысык-Көлдө өтүп, мектепти Фрунзе шаарынан аяктаган. Алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын студиясынан, андан кийин Өзбекстандагы Ташкент консерваториясынан билим алган.

Ала-Тоонун уулу дүйнө аралып, мукам үнү менен далайларды таң калтырган. 1966-жылы Ташкенттен келгенден тарта Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп, музыканттардын бир топ муунун тарбиялаган. Ал эми 1992-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Санкт-Петербургдагы Мариинский опера жана балет театрында иштеген. Болот Миңжилкиев 36 жашында жогорку сыйлыктарга ээ болгон. Ырчы 31 жашында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 33 жашында Эл артисти, ал эми 36 жашында СССРдин Эл артисти наамын алган жана СССР Жогорку советинин 10-чакырылышында жана 1975-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Ошондой эле, Болот Миңжылкыев дүйнөлүк опера ырчылары – италиялык ырчылар Пьеро Капучили, Жанни Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрынын арттисттери Ирина Богачева сыяктуу залкарлар менен үн алыша ырдап калган. Болот Миңжылкыев 1997-жылы Санкт-Петербург шаарында каза болуп, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий