• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фоторепортаж — Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы

Президент 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы болуп өттү.

Кеңеш Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгы менен түзүлгөн, аны түзүү чечими «Мекендештер-2018» Мекендештердин форумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Россия, Казакстан, Түркия, Катар, Түштүк Корея, АКШ, Украина, БАЭдеги мекендештер кечээ, 1-августта, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чогулушуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен миграциялык саясатка байланышкан маселелерди талкуулашты.

Бүгүн алардын алдында сөз сүйлөп жатып, Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенишүү, алардын өлкөнү колдоого багытталган демилгелерин колдоо боюнча мамлекеттик саясат жөнүндө айтып берди.

Кеңештин мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары Мамлекет башчысына дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишмердиги, продукцияны тышкы рынокторго экспорттоо, визалык маселелер, Кыргызстанга кайтып келгенде жумушка орношуу ж. б. көйгөйлөр тууралуу айтып беришти.

Жыйынтыгында айтылган сунуштар жана каалоо-тилектерди эске алуу менен чечимдин долбоору кабыл алынды.

Соңунда эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудан кийин Кеңештин жыйыны секцияларга бөлүнүп, талкуулоо форматында уланды.

Пикир

Оставить комментарий