• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фоторепортаж – FFKR Football Awards-2018 сыйлоо аземи

Спорт 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Бишкекте 5-декабрда FFKR Football Awards сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү. Футбол федерациясынын маалыматы боюнча, 2018-жыл ийгиликтүү, аркандай эл аралык турнирлерге бай жыл болду.

Эң чоң ийгилик – Кыргызстанды улуттук курама командасынын 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алуусу.

FFKR Football Awards-2018 сыйлоо аземинде жылдын мыкты оюнчусу жана машыктыруучуларды 11 категория боюнча аныкташкан. Тандоону футбол федерациясынын 30 кишиден турган атайын комиссиясы жүргүзгөн.

Кайрат Жыргалбек уулу Кыргызстандын 2018-жылдагы мыкты футболчусу аталды. Ал эми ТОП-Лиганын мыкты оюнчусу Шерзот Шакиров болсо, Улан Байгазы уулу футзал боюнча мыкты оюнчу наамынын ээси болду.

Ардагерлер лигасынын мыкты оюнчусу Евгений Пилипас, кыз-келиндер арасында мыкты футболчу – Айжан Боронбекова.

Пикир

Оставить комментарий