• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Фоторепортаж – Коопсуздук кеңешинин корупция менен күрөшүү маселеси боюнча кезектеги жыйыны

Президент 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарынын коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшү жөнүндө малыматтары угулуп, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору тартууланды.

Коррупция менен күрөшүү боюнча иштер жөнүндө премьер-министр Кубатбек Боронов, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров маалымат беришти.

Алар коррупциянын себептерин жана аны азайтуу чаралары тууралуу аналитикалык материалдардын жыйынтыктарын маалымдап, статистикалык маалыматтарды келтиришти, резонанс жараткан кылмыш иштерине токтолушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков алардын ишмердүүлүгүндөгү оң учурларды баса белгилеп, ошону менен бирге бир катар сын-пикирлери менен сунуштарын айтты.

Тактап айтканда, кызматтык кылмыш жасоого күч органдарынын кызматкерлери аралашкан, бирок укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көмөгү менен жазалоодон кутулуп кеткен резонанстуу ишти белгиледи.

Мамлекет башчысы кол алдындагылардан дагы талап кылуу үчүн чиновниктерди коррупциялык иш-аракеттерге барбоого чакырды. Мындан сырткары, президент күч органдарына таза эмес кызматкерлерди тазалоо милдетин коюп, ээлеген кызмат ордуна, сиңирген эмгегине карабастан, коррупциялык иштерге аралашкандар эң катуу жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралып, жактырылды. Документ көз карандысыз эксперттердин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы тарабынан даярдалган.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев белгилегендей, сунушталган коррупцияга каршы стартегияда коррупция менен күрөшүү гана каралбастан, алдын алуу жана профилактикалык чаралар дагы камтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы Стратегияда коррупцияны алдын алууга жана ага каршы аракеттенүүгө багытталган бир катар иш жүзүндөгү чаралар камтылганын канааттануу менен баса белгиледи.

Стратегияда реалдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн 82 конкреттүү антикоррупциялык иш-чаралар иштелип чыккан. Ал коррупция менен күрөшүүдө сезилерлик натыйжаларды берет. Антикоррупциялык стратегияны конкреттүү ишке ашыруу мөөнөтү 2024-жылга чейин деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий