• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж — КР судьяларынын XI курултайы

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө өткөрүлүп жаткан сот-укуктук реформасын талдоого алып, баа берип, судьялар корпусунун ишмердигинин негизги багыттарын жана милдеттерин белгиледи.

Ошондой эле судьялардын курултайында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Абылай Мухамеджанов сөз сүйлөштү.

Мамлекет башчысы мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле кесиптик майрам — Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу сот системасынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий