• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү белгиленүүдө.

«Ала-Тоо» борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара өттү.

Иш-чара Кыргызстан элинин тарыхый жолу темасын ачып берген театрлаштырылган пролог менен башталды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Мамлекет башчысы куттуктоосунда мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз экенин баса белгиледи.

Иш-чара пандемияны эске алуу менен онлайн форматта, көрүүчүлөрсүз өттү. Чакырылгандардын арасында бүгүнкү күндүн баатырлары — медиктер, ошондой эле пандемиянын күчөп турган мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызмат кылган ички иштер органдарынын, ӨКМдин кызматкерлери, аскер кызматкерлери болду. Ошондой эле топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн берген ыктыярчы-балдар бар. Мамлекет башчысынын атынан балдардын ар бирине планшет белекке берилди.

Иш-чара башталардын алдында Президент балдар менен баарлашып, алардын окууларына ийгиликтерди жана бакыт-таалай, ойлогон максаттарынын аткарылышын каалады. «Силерге окшогон патриот жана билимдүү балдар көп болсун. Силер — Кыргызстандын келечегисиңер», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн 29 жылдыгына карата иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дуйшенбиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышышты.

Кечинде Бишкек шаарында майрамдык фейерверк болот.

Пикир

Оставить комментарий