• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж — Кыргыз Республикасынын сот системасына 95 жыл

Президент 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда өлкөнүн сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын сот тутумунун тарыхы тууралуу «Сот адилеттиги — өнүгүүнүн өзөгү» видеотасмасын көрсөтүү менен башталды.

Президент өз сөзүндө адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрүү, экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Баардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

Мамлекет башчысы ушул чоң жоопкерчиликти — соттордун жалпы корпусу, ар бир судья дайыма сезип турушу кректигин, аны өз ишинде негизги принцип катары колдонушу зарыл экенин белгиледи.

«Сотко болгон ишеним — жалпы мамлекеттик бийликке болгон ишеним. Сот бийлигине ишеним болгондо гана алга жылуу, өнүгүү болот», — деди Жээнбеков.

Иш-чарада президент бир катар судьяларга, сот системасынын ардагерлерине жана кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды жана президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий