• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фоторепортаж – Кытай COVID-19 коронавирусуна каршы аракеттерди көрүп жатат

Дүйнө 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. 2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмуна Ухань шаарында өпкөнү сезгенткен жаңы оору пайда болгону тууралуу маалымдаган. Кийинчирээк адистер аны коронавирустун жаңы түрү экенин аныктап, ага COVID-19 деген расмий аталыш берген. Көп өтпөй аталган илдет дүйнөгө тездик менен тараганы байкалган.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети тараткан акыркы маалыматка таянсак, Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 2912 адамга жетип, бир сутка ичинде 42 адам каза болгон. Ал эми айыккандардын саны 44,4 миңди түзгөн.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кытайдын аймагында илдетти жуктуруп алган 80 миңден ашуун учур тастыкталган.

Региондор арасында Хубэй провинциясы илдетти эң көп жуктуруп алгандардын сап башында турат. Акыркы маалыматтарга таянсак, 67,1 миң адам коронавирусту жуктуруп алган, 2803 адам каза болуп, 33,7 миңге жакын бейтап айыккан.

2020-жылдын 10-февралы. Ухань шаары. Дарыгерлер коронавирустун жайылышына каршы чараларды көрүп жатышат. Сүрөт: Сюн Ци

2020-жылдын 10-февралы. Ухань шаары. Дарыгерлер коронавирустун жайылышына каршы чараларды көрүп жатышат. Сүрөт: Сюн Ци

2020-жылдын 19-февралы. Ухань шаарындагы оорукананын медициналык кызматкерлери. Сүрөт Ван Юйго

2020-жылдын 19-февралы. Чунцин шаары. Шаар көчөлөрүндө дезинфекция чараларын жүргүзүп жатышат. Сүрөт Лю Чань

2020-жылдын 18-февралы. Ухань шаары. Жакында эле Лэй Шэньшань ооруканасына пневмония оорусу менен жаткырылган эки бейтап чыгарылды

2020-жылдын 16-февралы. Ухань шаарынын көчөлөрү

2020-жылдын 16-февралы. Чанчжоу шаары. Полиция кызматкерлери жана дарыгерлер айдоочуну текшерип жатышат

Сүрөт Синьхуа

Пикир

Оставить комментарий