• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Фоторепортаж — Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды талкуулаган Коопсуздук кеңешинин жыйыны

Президент 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 19-июнда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны чакан курамда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралды.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республика аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов учурдагы кырдаал боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз баяндамасында кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экенин белгиледи.

Ал облустардын жетекчилеринин, райондордун акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга, Саламаттык сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.

Мындан сырткары, жарандарды жоопкерчиликке чакырып, алардын айрымдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы Өкмөт мүчөлөрү менен Өкмөт аппараты санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузуу менен сүрөткө түшүү фактысына өкүнүү менен көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков медиктердин талаптарын бузгандардын баарына айып пул салууну талап кылды.

Чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ишке тартылган мамлекеттик органдардын, Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иштери жетишсиз деп табылды.

Кыргыз Республикасынын премьер-министрине эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергендиги үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тартип жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Ошону менен бирге коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган бардык иш-чараларды толук каржылоону камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий