• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фоторепортаж - Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отуруму

Президент 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Комитет үч маселени карады — өнөр жайды өнүктүрүүнүн азыркы абалын жана келечегин изилдөөнүн жыйынтыгы, жеңил өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө, Кыргыз Республикасынын кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, «Легпром» бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов, «Жашылча-жемиш ишканаларынын Ассоциациясынын» аткаруучу директору Диляра Алимжанова жана ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери, ар кайсы бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү доклад окушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-коомчулуктун бардык көйгөйлөрүн жана каалоо-тилектерин угуп, булар тиешелүү мамлекеттик органдардын ишинде көңүлгө алынганын баса белгиледи. Президент белгилегендей, мамлекеттик органдар, анын ичинде укук коргоо органдары дагы өлкөдөгү ишкердикти жүргүзүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттерди көрүшү керек.

Муну менен бирге Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бюджетке өз убагында салык төлөө жагынан бизнестин жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

Талкуунун натыйжасында үстүбүздөгү жылдын күзүндө өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи отурумун өткөрүп, анда биринчи отурумдун жыйынтыктарын жана бизнестин башка тармактарынын көйгөйлүү маселелерин кароо чечими кабыл алынды.

Эске салсак, комитет Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен түзүлүп, мамлекет жана бизнес-коомчулуктун ортосунда актуалдуу маселелерди чечүү максатында пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.

Комитеттин курамына мамлекеттик органдардын, ишкердиктин өкүлдөрүнөн, өнөр жай ишканаларынын жетекчилеринен жана эксперттерден турган 25 адам кирди.

Пикир

Оставить комментарий