• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Фоторепортаж — президент иш сапары менен Аксы районунда болду

Президент 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты.

Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — деп баса белгиледи.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу айылындагы 2002-жылдын 17 мартындагы Аксы окуясында курман болгондордун элесине арналып курулган музейдин алдына карагай отургузду.

Мамлекет башчысы аталган айылдын «17-март» атындагы спорт залынын ачылыш аземине катышты

Аксы окуяларына арналган иш чаралар Президенттин жана жергиликтүү калктын катышуусунда Куран окутуу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий