• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришти.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жумшартуу, темпти сактоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттерин белгилеп өттү.

Президент коомдук жайларда санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай, салтанат-тойлордун жанданышынан улам илдетти жуктуруп алуу учурлары кескин жогорулап кеткенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабды өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды тереңдетүүчү массалык той-топурларды өткөрүүгө расмий тыюу салууга чакырды.

Экономиканы санариптештирүү жана бизнеске колдоо көрсөтүү, ошондой эле донордук каражаттардын максаттуу жана ачык-айкын пайдаланылышын камсыз кылуу боюнча чаралардын аткарылышына кеңири токтолду.

Президент ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоонун бардык баскычтарында адилеттүүлүктү камсыз кылуу маселесине да токтолуп, саясий партияларга жана күчтөргө адамдардын бөлүнүүсүнө, тынчтыкты бузууга жана жарандардын укуктарына шек келтирүүгө жол берилбеш керектигин эскертти.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү киргизүүнүн жардамы аркылуу коррупция менен күрөшүү, өлкөнүн экспорттук потенциалын көбөйтүү, мыйзамсыз таратылып кеткен жерлерди элге кайтаруу жөнүндө айтып берди.

Соттук-укуктук реформа, өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү, тышкы саясат, чек ара жана башкалар боюнча маселелерди белгиледи.

«Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон укуктук, экономикалык, социалдык пайдубал, негизинен түптөлүп калды. Реформалар өз жыйынтыгын берет. Биз жаратмандык эмгек менен алектенген, анын акыбетин көрүп, татыктуу эс алган, дүйнө кыдырып, саякат курган, балдарынын ден соолугу чың, билими сапаттуу болгон бакубат коомду курууну максат кылабыз. Мен сиздерге ишенем жана сиздерди ишендирем. Ал үчүн бизде бардык шарт бар», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий