• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары

Президент 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 21-22-августта эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуп, мамлекеттик аймактык өнүгүү саясаты, айыл чарбасын жана аймактарды колдоо боюнча финансы институттарынын ишмердиги, жер-жерлерге инвестицияларды тартуу, таза суу жана ирригация боюнча долбоорлор, сот-укутук реформанын жүрүшү, коррупция менен күрөшүү чаралары, өлкөнү санариптештирүү ж. б. жөнүндө айтып берген.

Президент менен болгон жолугушууда Ак-Талаа районунун жашоочулары сугат суусунун, турак жай курууга жер участокторунун жетишсиздиги, бийик тоолуу райондордун жашоочуларына жеңилдиктер, жолдорду, социалдык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, жумушчу орундарын түзүү ж. б. суроолорду беришкен.

Айылдыктардын суроолоруна президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилери жооп беришкен.

Президент жергиликтүү тургундардын оозеки берилген суроолорунун бардыгына кеңири жооп берип, жолугушуунун жүрүшүндө берилген жазуу түрүндөгү суроолор дагы жоопсуз калбашына ишендирген. Ак-талаалыктар менен жолугушуу 4 сааттан ашык убакытка созулган.

Нарын облусуна иш сапардын алкагында президент «Сүт-азык» ЖАК сүттү кайра иштетүүчү ишканасына барган. Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализациялык системаларды калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, Ак-Талаа районунда кошумча 4 миң гектардан ашуун жерге сугат суу жеткирип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн ирригациялык долбоорлор менен таанышкан.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков ички жолдорду реконструкциялоо жана Ак-Талаа районундагы мектепти куруунун жүрүшү менен таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий