• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттин жыйынындагы кайрылуусу

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Парламент жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү — вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров жана өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ант беришти.

Андан соң президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө айтып берип, шайлоо алдындагы берген убадаларынын аткарылышына басым жасады.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, өлкөнү санариптештирүү, социалдык, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мамлекеттик колдоо, ирригация тармактарын кеңейтүү боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруу жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чараларына кеңири токтолду. Өлкөнүн тышкы саясат ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштуу Жогорку Кеңештин алдындагы биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи. Ал парламент депутаттарын өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий кырдаалына жана реформаларды жүзөгө ашырууга түздөн-түз таасир этүүчү кечиктирилгис мыйзам долбоорлорун карап, кабыл алууга күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Ошондой эле президент келерки парламенттик шайлоодогу босого маселесине токтолуп, парламент депутаттарын бул маселени ар тараптан иликтеп чыгып, тең салмактуу чечим кабыл алууга чакырды. Мамлекет башчысы катары жалпы элдин кызыкчылыгына кызмат кылаарын, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан баардык саясий күчтөр менен иштешүүгө даяр экенин өзгөчө белгиледи.

«Эл менен бийликтин ажырымына жол бербөө, коомдогу биримдикти сактоо, улуттар аралык ынтымакты, өлкөдөгү тынчтыкты коргоо — баарынан бийик», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий