• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга расмий визити

Президент 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 10-июлунда Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурердин чакыруусу менен Швейцарияда расмий визит менен болду.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Ули Маурер менен жолугушту, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча айыл чарба, туризм, суу ресурстарын башкаруу, суу менен камсыз кылуу системаларын реабилитациялоо тармактарында бир катар документтерге кол коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушту.

Кыргыз-швейцар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, анын ичинде парламенттик демократияны мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык кызматташуу, соода-экономикалык жана банк тармагын өнүктүрүү, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестицияларды тартуу талкууланды.

Визиттин соңунда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда иштеп жаткан ишкерлердин катышуусунда Швейцариянын ири бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун катышуучулары экономиканын ар кандай тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.

Бизнес-баарлашуунун жыйынтыгында медицина, агроөнөржай комплекси ж. б. тармактарда бир катар документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурерди жана Федералдык жыйынынын улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббиону Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий