• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фоторепортаж — Президент Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусунда

Президент 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантып, кечээ, 4-июлда, бир күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Иш сапардын алкагында Президент Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы баткендиктерге региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу, ирригация, таза суу боюнча улуттук долбоорлордун ишке ашырылышы, коррупция менен системалуу күрөшүүнүн негизги милдеттери жана сот-укуктук реформасын ишке ашыруу багытындагы жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири айтып берди.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков чек араны тактоо, жерди трансформациялоо, кайра иштетүүчү өнөр-жай ишканаларын ачуу, айыл чарба продукцияларын экспортко чыгаруу, дыйкандарды жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спортко колдоо көрсөтүү, социалдык объектилерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча бир катар суроолорго жооп берди.

Ошондой эле суроолорго тийиштүү министрликтер менен ведомство жетекчилери жеринде жооп беришти.

Мамлекет башчынын жергиликтүү эл менен жолугушуусу төрт саатка созулду.

Сооронбай Жээнбеков иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) иши жана Чет-Булак кварталындагы «Өнөр жай аймагын» курууга ылайыкташтырылган долбоор менен таанышып, Баткен шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборунун жаңы имаратын көрдү.

Пикир

Оставить комментарий