• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фоторепортаж – президент Жээнбеков расмий визит менен Германияда

Президент 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визит менен Германияда.

Расмий визиттин биринчи күнү, 15-апрель экономикалык блокко арналды, атап айтканда, Мамлекет башчысы кыргыз-герман экономикалык форумуна катышып, Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөдү, андан соң айыл чарба ишканасын кыдырды.

Мюнхенде Жээнбеков Бавария мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча Мамлекеттик министри Флориан Херманн, Бавария экономика, өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министри, премьер-минстрдин орун басары Хуберт Айвангер менен жолукту.

Жээнбеков Мюнхен шаарында Германияда окуп жана иштеген мекендештер менен жолугушту.

Бүгүн, 16-апрелде Мамлекет башчы Берлин шаарында ГФР федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушат.

Жээнбеков менен Ангела Меркель жалпыга маалымат каражаттарына билдирүү жасашат.

Пикир

Оставить комментарий