• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Фоторепортаж — Президент Жээнбековдун Нарын облусуна болгон иш сапары

Президент 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда.

Бүгүн, 24-октябрда, Мамлекет башчысы Нарын облусунда болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын районунун жана Нарын шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Президенти болуп шайлангандан бери жасалган тышкы саясат, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, коррупция менен күрөшүү, сот жана укук коргоо системаларындагы реформа, билим берүү жана саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу иштери тууралуу айтып берди.

Нарындыктар социалдык жана инфраструктуралык объекттерди, жолдорду куруу жана ремонттоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, кайра иштетүү ишканалардын курулушу жана көмүр менен камсыздоо туурасында суроолорду козгошту.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курулуп жаткан көп батирлүү үйдүн курулуш иштери менен таанышты. Көп батирлүү үйдүн курулушун бүтүрүү үчүн 5 млн. сом керек экенин «Насип кайып» коомдук бирикмесинин жетекчиси Замира Абдраева Президентке объектти карап жатканда жана актив менен жолугушуу учурунда айтты.

Мамлекет башчысы бул маселе чечилерин белгиледи

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйлөрдүн батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземи жана «Газпром-балдарга» аттуу долбоордун алкагында курулган Нарын шаарындагы жаңы ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинин ачылышы болду.

Пикир

Оставить комментарий