• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж – президент Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары

Аймак 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Иш сапардын биринчи күнүндө Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасынын иши менен таанышты. Анда Дүйнөлүк Банктын “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору боюнча маалымат алды.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна барды, ошондой эле Түп айылындагы спорт комплекстин курулуш иштери менен таанышты.

Түп районунун жашоочулары менен жолугушуусунда, Мамлекет башчысы сот-укуктук реформа, тышкы саясаттагы аткарылып жаткан иштер, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү ж.б. улуттук долбоорлор жөнүндө айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында берген убадаларынын аткарылышына да кеңири токтолду. Алар – калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны өнүктүрүү, мугалимдердин жана дарыгерлердин социалдык абалдарын жакшыртуу, коррупцияга каршы күрөш ж.б. маселелер.

Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, президент Кыргызстан ачык өлкө катары өнүгүп жатканын белгиледи.

“Биз ачык баарлашуудан улам өнүгөбүз. Бетме-бет отуруп, баарын ачык суйлөшсөк, терс көрүнүштөр азайып, жакшы нерселер жеңе баштайт. Ачык коом мына ушунусу менен жакшы. Коом, мамлекет өнүксүн, демократия болсун деген максатта сөз эркиндигин коргоп жатабыз. Сот-укуктук реформа ишке киришсе - бардыгы жолго түшөт. Биздин максатыбыз - өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин арасына кошуу. Мен аткарылып жаткан жакшы иштер жөнүндө айтып бердим. Олкөдө тынчтык, биримдик, ынтымак бекем болсо - мындан дагы чоң иштер аткарылат. Биздин буга көзүбүз жетет, реформаларга убакыт керек”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Эл менен жолугушуу бүткөн соң президент райондун аксакалы Абдыкалык Эгембердиев менен өзүнчө жолугушуп баарлашты.

Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары эртең, 17-майда, Балыкчы шаарында уланат.

Пикир

Оставить комментарий