• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Фоторепортаж - Путин мамлекеттик визит менен Кыргызстанда болду

Саясат 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кечээ, 28-марта, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасында мамлекеттик визит менен болду.

Президент Владимир Путинди «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Владимир Путиндин расмий жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчылары чакан чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан ары кыргыз-россия сүйлөшүүлөрү кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын Президенти менен Россиянын Президенти биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу маанилүү документтерге кол коюлду.

Ошондой эле Президенттер маалымат каражаттарына биргелешкен билдирүү жасашты.

Мамлекеттик визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болушту.

Ошондой эле мамлекет башчылары 8-кыргыз-россия региондор аралык конференцияга катышты. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы суммасы 6 миллиард долларлык макулдашууларга кол коюлду.

Россия лидеринин мамлекеттик визитинин жыйынтыгында эки өлкөнүн Президенттери Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.

Пикир

Оставить комментарий