• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж — Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн медиафоруму

Президент 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн медиафорумунун ачылышына катышты.

Медиафорумдун негизги темасы: «Шанхай кызматташтык уюмун өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу».

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири — бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда массалык маалымат каражаттарына чоң роль тиешелүү.

Форумда ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева форумдун катышуучуларына ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовдун кайрылуусун окуду.

Мындан тышкары, Индиянын, Казакстандын, Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү сүйлөштү.

Эске салсак, медиафорум Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулду. Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, медиа эксперттер, байкоочулар жана диалог боюнча өнөктөштөр чакырылды.

Пикир

Оставить комментарий