• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Фоторепортаж – ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны болду.

Жыйынга Индия Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев катышты.

ШКУ байкоочу-мамлекеттердин башчылары - Ооганстан Президенти Ашраф Гани, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Иран Президенти Хасан Рухани, Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга.

Андан тышкары, жыйынга ШКУ Башкы катчысы Владимир Норов, ШКУ Регионалдык антитеррористтик структурасынын (РАТС) Аткаруу комитетинин директору Джумахон Гиёсов, БУУ Башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу директору Сергей Лебедев, Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, БУУ Башкы катчысынын Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азияда гуманитардык өнөктөштүк маселелери боюнча жардамчысы Рашид Халиков катышышты.

Катышуучулар чыгып сүйлөгөн соң, жыйындын жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясы жана башка бир катар документтер кабыл алынды.

Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өттү, ШКУнун келерки жыйыны 2020-жылы Россияда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий